alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
РубрикасызСуроо-Жооп

Чубак ажы Жалилов менен турмуштук суроо-жооптор (52)

АЯЛ
КИШИ ДЕМ САЛА АЛАБЫ?
ЖООП: Аялдын эркекке дем салганы туура эмес. Эркектер эркектерге дем
салсын. Аялдар аялдарга дем салсын. Кээ бир аялдар бирин жактырып калса эле
кайра-кайра барып, дем салдыра берет. Бул туура эмес. Эгер кайсыл бир эркек
эшикти жаап, терезени калап дем салса, аны шайтан дегиле. Колдон келсе эркек
эркекке, аял аялга дем салсын. Ар кимдин өзүнө-өзү дем салганы эң жакшы.
Жатарда бизде «Алхамду» делген Курандын Фатиха сүрөөсүн, Аят аль-Курсини,
Каафируун, Фалак, Насты окуп, колго үйлөп кол жеткен жердин баарына сыйпап
чыксаңыз – бул пайгамлардын сүннөтү.
МЕНИН
КРЕДИТИМ БАР. БЫЙЫЛ КУРБАН ЧАЛА АЛБАЙ КАЛДЫМ. АЯБАЙ ӨКҮНҮП ЖҮРӨМ. ИШТЕРИМ
ЖАКШЫ.
ЖООП: Кредиттен тезирээк кутулуп, аны кайра албаңыз. Аны алууга
мусулманга тыюу салынган.
АЙТТАН
МУРУНКУ АРАПА КҮНДӨРҮНДӨ КИР ЖУУБАЙТ ДЕШЕТ. БУЛ ТУУРАБЫ?
ЖООП: Бизде эки айт бар, Орозо айт жана Курбан айт. Арапа күнү Курбан
айтта болот. Орозо айтта Шектик күнү болот. Себеби «эртең орозобу же орозо
эмеспи» деп шектенгенибизден «шектик күнү» болуп калган. Арапа, Шектик күндөрү
иш кылбайт дегени, ошол күнгө чейин бүтүрүп койсо жакшы дегендик. «Койчунун
кызы кой келгенде иш кылат» дегендей кээ бир адамдар айт келе жатса,
кыйраткансып иш кылып калат да. Айтта адамдар майрамдаш керек, айтташ керек,
боорсок бышырып, үй шорпо жытанып, балдар жилик кучактап укташ керек. Ошондо
анан той болот. Той күнү иш кылбаш керек. Адамдардын майрамдык маанайын бузбаш
керек. Бул күнү жаңы кийимдер, сандыкта жаткан чапандар, жаңы маасы-көлөчтөр
кийилиш керек. Адамдар арак ичпеш керек, балдарга сүйүнчү пул бериш керек,
айтор, ушундай майрамдык маанай болуш керек. Бирок зарыл иш болсо кылса боло
берет.
КАТЫНДЫН
СӨЗҮН КАЙТАЛАГАН ЭРКЕКТИН ИШИ ЭМЕС ДЕДИҢИЗ. КИШИ КАРА БАР ЖЕРДЕ УНЧУКПАЙ КОЮП,
ӨЗҮНЧӨ КАЛГАНДА «ЭМНЕГЕ МИНТИП АЙТТЫҢ» ДЕП СУРАСА ТУУРА БОЛБОЙБУ?
ЖООП: Эми тууганым, «разборка», ызы-чуу кылып териштиргендин кереги
жок. Аял киши жеңил адам, ачуусу менен айтып алды. Байкуштун аны айткысы деле
келбейт эле. Ошону эмнеге айттың дештин кереги жок. Ал өзү эле уялып калат.
Ошондуктан эл жок жерде барып, эмне минтип айттың деп такалаштын да кереги жок.
Жөн эле ушуну туура эмес кылдың окшойт деп айтып, эскертип коюу жетиштүү болот.
Ар бир сөздү жазып алып, милийсадай болуп тергеп чыгуу жакшы эмес. Аял киши
акылы менен эмес, көбүнчөсүн сезимдери менен аракет кылат. Ошондуктан ката
кылгандыгы өзү деле түшүнүп калат.
ҮЧ
ЖЫЛДАН БЕРИ ЧЕТТЕ ИШТЕП ЖҮРГӨМҮН ДА. ӨЗҮМ ҮЙЛӨНГӨМ. ҮЙЛӨНҮП КЕТКЕМ, КЕЛИНЧЕГИМ
БИЯКТА КАЛГАН. КЭЭ БИРӨӨЛӨР АЙТАТ НИКЕ ЖАРЫЛЫП КАЛГАН, ЖАҢЫРТЫШ КЕРЕК ДЕП. ОШОЛ
ЖӨНҮНДӨ СУРАЙЫН ДЕГЕМ
ЖООП: Жок, нике жарылып кала бергидей жумуртка эмес да. Ал жөн эле сөз.
Алты ай жүрсө нике жарабай калат деген нерсе жок. Белек-бечкек жиберип, тез-тез
келип турсаңыз эле нике ордунда тура берет. Кудай Таалам бакыт-таалай берсин.
БАЛА ТӨРӨЛГӨНДӨ
КУЛАГЫНА АЗАН ЧАКЫРЫШ КЕРЕК ДЕП УГУП КАЛАМ. МЕНИН ЭКИ БАЛАМ БАР. АЛАРГА
АЙТЫЛГАН ЭМЕС. КИЙИНЧЕРЭЭК АЙТЫП КОЙСО БОЛОБУ? ЧОҢОЮП КАЛЫШТЫ ДА.
ЖООП: Мечитке жетелеп барыңыз. Ошол айтылган азан жетиштүү болот.
Дайыма мечитке алып барып туруңуз, жакшы болот. Ийгиликтин эрте-кечи жок. Эч
болбосо, кеч болсун деген кыргыздын накыл кеби бар. Азан айтылган кулакка арам
кирбейт, Алла деген сөз кирет, мындай кулак кийин ууру болбойт, кески болбойт,
кийин ыймандуу болот, арактан алыс болот, зынадан аыс болот. Балдарыбыздын
кулагына бул ааламга түшкөндөгү биричи сөзү «акча» же «арак» деген болбостон,
«Алла» деген сөз кире турган болсо, демек келечегибизди камсыз кылган болбобуз.
УЧУРДА
ҮЙ-БҮЛӨМ МЕНЕН ЖАМАН АКЫБАЛДА ТУРАБЫЗ. КӨКӨЙҮМДҮ КЕСИП ТУРАТ, ЭКИ БАЛАБЫЗ БАР.
МЕНДЕН ДА КЕТТИ, АНДАН ДА КЕТТИ ДЕГЕНДЕЙ. КАЙРА ЫНТЫМАККА КЕЛСИН ДЕП БАТАҢЫЗДЫ
БЕРИП КОЕСУЗБУ?
ЖООП: Кудай Таалам ынтымак, ийгилик, жакшылык берсин. Кудайым
ажырашкандарды жараштырсын. Таарынышкандарды табыштырсын. Кара далы кыздарыбыз
тезирээк күйөгө тийсин. Бойдокторубуз колоктоп жүрбөй тезирээк үйлөнсүн. Ооруп
аткандарга тез шыпаа берсин. Кудайым шерменде кылбасын. Эркек кечирим сураганды
билгенде гана эч бир себепсиз эле үйлөнгөнгө даяр болот. Эгер кечирим сурай
албаса, анда үйлөнүүгө даяр эмес. Териштирип, кимдики туура экенин аныктагандын
кереги жок. Ал олимпиадада болот, допинг ичтиңби деп сураштыруу. Эрди-катындын
ортосунда болгон маселеде эркек жөн гана кечирим сураганды билиш керек. аялдан
кечирим сурап, аны мактап ишке салсаңыз, аялдан өткөн баатыр болбойт.
Ошондуктан аялдардын психологиясын бир аз билиш керек. булар эркектей макулук
эмес, өзгөчө макулук. Эмне көп? Жакшы сөз көп. Ошондуктан буларга жакшы сөз
айтсаңыз жарашат сизге.
МЕН
СЕМЕЙНИЙ КИШИМИН ДА. КЕЛИНЧЕГИМ БАШКА ҮЙ-БҮЛӨ МЕНЕН ЖЫНЫСТЫК МАМИЛЕДЕ БОЛОЛУ
ДЕП СУРАНЫП АТАТ. ЭМНЕ КЫЛАМ?
ЖООП: «Семейний» дегендин кыргызчасы бар. «Үй-бүлөөлү» десең. Кыргызча
түгөнүп калса, орусча сүйлөйбүз. Андай кылуу – арам. Ал тообо кылсын. Достор
чогуу отурганда, аял-эркек аралашып отуруунун өзү туура эмес. Анткени бирөөнүн
катыны бирөөнө кыз көрүнөт деген сөз бар. бирөөнүн күйөөсү бирөөгө жигит көрүнөт.
Ошондуктан достор отурганда, аялдар бөлөк, эркектер бөлөк отуруш керек.
«Аяш-аяш» деп бири-бири менен аралашып бийлеген таптакыр туура эмес. Сенин
аялыңды башка бирөө белинен кучактап бийлеп аткан бул арам, арам. Керек болсо
башканын аялы менен сүйлөшкөнгө болбойт. Ушундан жанагындай арам ойлордун баары
башталат да. Анын аялынын көзү сизде, сиздин аялыңыздын көзү башкада болуп.
Муну бизге орустар алып келип, кадимки көрүнүш болуп калды. Сен маданияттуу
көрүнөсүң, бирок сенин аялың менен башка бирөө жатып аткан болот. Сен башканыкы
менен жатып аткан болосуң. Бул таптакыр туура эмес нерсе. Ошондуктан бул туура
эмес маселе. Таптакыр аны колдобоңуз. Бул шайтанчылык, таптакыр арам. Ал эмес
тооктор, мал да муну колдобойт. Туура эмес. Бул ошол Европадан келген бузуку
нерсе. Акмакчылык. Бул кыргыздын дининде, шариатында, салтында болбогон маселе.
Аялыңарды кызгангыла! Аялыңызга дем салдырыңыз, дааватка алып чыгыңыз. Анан
аялыңызга өзүңүз жакшыраак көңүл бөлүңүз. Балким сизден таппаганын издеп
аткандыр. Бир аз романтик болуңуз. Бети-башты жакшылап жууп, ага атырлардан
куюнуп барып, аялыңыздын көңүлүн ойготконго аракет кылыңыз, урматтуу
бир-тууган.
РОЗА
ОТУНБАЕВА ЖӨНҮНДӨ
Сөз келгенде Отунбаева
апчебиз жөнүндө айтып кетүүнү туура көрдүм. Ал да аял киши. Мен азрети муфтий
болуп иштеп турганымда бул киши президент болуп иштеди. Орозонун биринчи
күнүндө кабыл алуусунда болгондо эжебиз мени, муфтийди көрүп эреркеп, айтор,
ыйлап жиберди да. Анан: «Ушул күндөрдөн аман чыгамбы билбейм. Эгер өтүп кетсем,
тебелеп-тепсеп көөмп койгула», — деп айтты. Ал эженин эсинде барбы жокпу
билбейм. Мен ошону укканда ичимден «Ушул күндөр да бүтөр бекен» дегем. Оор
күндөр. Ошто өзбек-кыргыз окуясы болуп жаткан оор күндөр. Кан жыттанып турган
учур эле. Ошондо ыйлаганын көрүп кадимкидей боорум ачыган. Оор күндөрдөгү кээ
бир адамдырдын кылык-жоруктары үчүн адамдарды күнөөлөгөндүн кереги жоктур. Ал
күндөр башка күндөр болгон. Ошондуктан келгиле, урматтуу бир-туугандар биз
алакандай элбиз. Саясачыларга айтарым, чоңдорубузга айтарым, келгиле акыйнек
айтышпайлык. Келгиле сатышпайлык. Келгиле бул аз күндүк убакытта бири-бирибизди
урматтап, сыйлап өтөлү. Беш күндүк өмүр. Эртең Кудайдын астына барганда бардык
нерсеге ар кимибиз жооп беребиз. Бирок кечээ, мурдагы күнкү кан жыттанып турган
окуяларда кабыл алынган чечимдер, бүгүн таптакыр башкача кабыл алынуусу мүмкүн.
Анткени ошол убакта мен да муфтий болчумун. Андан мурдараак фатва бөлүмүнүн
башчысы болчумун. Мага ошондо ушундай суроо келген. «Биздин үйүбүзгө каршылаш
улутунан болгон бирин союп, корого көмүп алдык. Кантип чыгарабыз ошону», — деп
суроо берсе, башка бирөө «Ичин жарып, баласын чыгарып салдык», — деген төбө
чачты тик тургузган суроолорду беришти. Ушундай бир күндөр өткөн. Ошондуктан
мен айтат элем. Урматтуу биздин журт багар, эл багарлар акылыбызга келели.
Абийирди ачып албайлык бардыгыбыз. «Акылың барда абийириңди жап», — деген сөз
бар. Ошондуктан мен бардык Кыргызстан калкына кайрылар элем. Урматтуу
бир-туугандар жанагы «Эки жакшы тоого чыкса, кудалашып түшөт. Эки жаман тоого
чыкса, кубалашып түшөт» дейт. Кубалашпай бардыгыбыз кудалашалык. Келгиле «Ачуу
– душман, акыл – дос, акылыңа акыл кош» деген сөз бар. Өлкөбүздү бүлдүрүп,
мамлекетибизди бөлдүрүп, жок кылып алуудан сактаналык. Бардыгыбыз жеке
кызыкчылыктарыбызды бир аз ооздуктасак, бардыгыбыз «Кудай үчүн» деп бир аз
аркага саресеп сала турган болсок, бардыгы эле ордуна келет. Кудайдын алдына
барчу Улуу күндү эстеп, бирибизге бирибиз мээрим менен мамиле кылганды
үйрөнөлү. Албетте, кээ бирөөлөр молдоке ушуну сүйлөп эмне кылат. Сүйлөбөй эле койбойбу
деп бирөөнө жакпашы мүкүн. Бирок мен жүрөгүмдөгү сөз. Муну айттым. Эгер кимдир
бирөөнө оор тийсе, мен кечирим сурайм, урматтуу бир-тууганым. Анткени Кыяматка
барганда ушул сөзүм үчүн да жооп береримди билем. Баарыбыздан Алла ыраазы
болсун!
▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒
plus.google.com/+FormulaKG
⚡ WhatsApp: +996700334493
© БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button