Мыктыбек Арстанбек, тележурналист: «30 ЧАКТЫ ЫРЧЫГА ПРОДЮСЕР БОЛГОМ»

0 59

Белгилүү тележурналист Мыктыбек Арстанбек жаш кезинде креативдүү жаштарга арналган көрсөтүүлөрдү даярдап талкуу жаратчу. 30 жылга чукул убактан бери теледен түшпөй келе жаткан, бир жерде токтоп калбай, ар дайым өсүүнүн үстүндө жүргөн Мыктыбек Арстанбектин басып өткөн жолуна саресеп салабыз.

Туулган жылы, күнү – 1965-жыл, 7-сентябрь
Туулган жери – Фрунзе шаары
Билими – Политехникалык институттун инженер-курулуш факультетин аяктаган
Алгачкы эфири – КТР, «Жаштар пресс бары» (1989-жыл)
Алгачкы долбоору – «Билсеӊ ал» телевизиондук викторинасы
Алгачкы тарткан клиби – Ибрагим Жунусовдун «Эламан» аттуу ырына (1992-жыл)
Үй-бүлөөлүү, 8 баланын атасы.
1988-жылдан бери теледе иштеп келе жатат.

«БАШ БАЙГЕГЕ ТУФЛИ КОЙГОМ»
– Ата-энем мугалим. Окуучулук кезде шоктук кылып койсом, мугалимдин баласы ушундай деген сөз өтө катуу тийчү. Атам 8-классты бүткөндө эле Автожол техникумуна киргизип, шаарга жалгыз таштап кетти. Анда шаарда көбүнчө орус тилинде сүйлөшүшчү, же мен орусча жакшы билсемчи?! Ошентип жүрүп техникумду аяктап, Политехникалык институтка тапшырдым. Ал жерде азыркы атактуулардын көбү менен чогуу окудум. Алардын бирөө Бек Борбиев 2-курста ырчы катары элге тааныла баштады. Бир күнү аны телеге тартылууга чакырышты. Андан бир күн мурун Бектин ырына фонограмма жаздырып майлашкан экен. Эртеси музыкант жигит турбай коюп, ордуна гитара ойноп мен тартылгам. Бул теледеги дебютум болчу.
1992-жылы Чынара Жакыпова жаӊы министр болгон кезде биздин окуу жайда чогулуш өткөргөн. Менин түшүнүгүмдө министр туура эмес сүйлөп жатты. Чыгып «азыр такыр окуу системасы жок» деп каршы сүйлөп салдым. Анткени митингдерге, саясий акцияларга чыгып жүрүп көп нерсени түшүнүп калган элем. Ошентип бийликке каршы сүйлөйм деп окуудан куулуп кете жаздагам. Кызыгы, окууну аяктаган соӊ мен каршы сүйлөгөн министр жумушка чакырды. Министрликте иштеп жүрүп, аны менен катар теледе штаттан сырткаркы кызматкер катары эмгектенчүмүн. Бирок долбоорлорум, көрсөтүүлөрүм үзгүлтүксүз эфирден кетип турчу. Акыры телеге биротоло келип алдым.
1992-жылы элде акча жок болуп, кыйынчылык учур. «Жалаӊ кыздар жана мен» деген көрсөтүүгө баш байгеге койгонго эч нерсе таппай, эптеп бир жерден аялдардын бут кийимин таап баш байгеге койгон элем.
«1 ЖЫЛДА 270ТЕН АШУУН КЛИП ТАРТКАНБЫЗ»
– Эӊ алгач Ибрагим Жунусовдун «Эламан» деген ырына кино тартуучу плёнка менен клип тартканбыз. Ал маалда видео жок болгондуктан көрсөтүү тарткандан калып калган плёнкаларды чогултуп, аны бир досум караӊгыда отуруп улап берген эле.
Бир күнү көрүнүктүү режиссёр Бейшенбек Мамбетакунов чакырып бир ырчыны көрсөттү. Карап туруп зээниӊ кейийт. Байкуш кыштын күнү шөкүлө кийип алып кайыӊдын түбүндө жасалма гүлдү кармап ырдап жатат. Бейшенбек агай«ушундайды кантип жоготобуз?» деди. Жоготобуз деп аракет кыла баштадым. Теледе 2 эле камера бар, аны да же Акаевди, болбосо Айтматовду тартканы алып кетишет. Анан түнү камераларды уурдап чыгып, 1 жылда 270тен ашык клипке окшогон нерселерди тарттык. Азыр ал клиптерди көрсөӊ күлкүӊ келет.
Ичи күйгөндөр «Мыктыбек акча жеп жатыптыр» деп айтып жүрүштү. Балээсинеби, ырчылар жолго төлөйт, кийгенге кийим алат, камерага, операторго төлөйбүз. Чыгашаны санасаӊ 2 миӊдин тегерегиндеги акча кетет. Ошондо ар бир ырчыдан 1000 сомдон алганда эле 270 миӊ сом иштеп алмак экенмин да. Антмек турсун кээде маршруттук таксиге акча жок үйгө жөө кетчүмүн. Ошентип жүрүп Кудайга шүгүр, 1 жылдын ичинде эфирде жаӊы клиптер пайда болду. Менимче, концерт коёр алдында клип тартып өзүн жарнамалоо деген түшүнүктү биз киргиздик окшойт. Эгерде бир ырчы ноябрда концерт бере турган болсо, майда даярдык көрүп, жок дегенде 5 клип тарттырып, тынбай эфирден берчүбүз. Анан кайсы ыр элге алынып кетсе, ошол ырдын атынан концерт уюштурар элек. Ойлосом, ал учурдагы Сыймык Бейшекеев, Динара Акулова, Расул Маматкулов, Кубик Калыков, Асел Турдалиева, Мухтар Атаналиев, айтор, 30 чакты ырчыга азыркы тил менен айтканда продюсер болгон экем.
Ырчылар «турмушубузду оӊдойбуз» деп концерттен түшкөн каражатка кезеги менен үй ала башташты. Мен теледен же концерт уюштуруп тапкан каражатка үй алган эмесмин. Мага үйдү Кудай берди. Батирден батирге көчүп жүрүп 2 бөлмөлүү батирге жашап калдык, дайыма үй ээси келип акчасын алып турчу. Кийин такыр келбей койду. Же үй акысын кайда жиберерибизди билбейбиз. 3 жыл жашагандан кийин сотко кайрылып, үйдү өзүбүзгө каттатып алдык.
Жубайым менен инимди окууга өткөрөм деп жогорку окуу жайларды кыдырып жүрүп таанышкам. Бир шаардык кыз инисин ээрчитип жүрүптүр. Өзүмдүн айылдык экениме сыймыктанып шаардыктарга тийишким келе берчү. Тийишсем көӊүл бурбай койду эле «мага тиесиӊби?» десем, «давай завтра, сегодня поздно» деп койду. Ошентип 1985-жылы шаардык кызга үйлөнүп алдым.
«ТЕЛЕДЕ КӨРӨ АЛБАСТЫК, ИНТРИГА КӨП»
– Журналисттик кесипти мен эмес, тескерисинче кесип мени тандады. Өз кесибим менен иштеп кетсем деле болмок, ишкерлик деле колумдан келмек. Телевидениенин бир касиети бар экен, экран сени жакшы көрүп калса коё бербейт тура. Теленин босогосун аттаганда эле башка дүйнөгө сүӊгүп кетем. Теледен кеткен күндөрүм деле болду, ошондо КТРдин имаратына кирип, жытын жыттап эс алып калчумун. Кантип журналист болуп калдым билбейм. Тилим чулдур, билимим боюнча инженер-куруучумун. Кебетем деле кызыктай.
Чындыгында бул тармакта көрө албастык, интрига деген нерсе көп. Журналист болуп жүрүп эзилдим, жетишпеген жашоону басып өттүм. Менин жупуну жашоомо түрткү болгон телеге ыраазымын. Жадакалса балдарым да жупуну үй-бүлөдө чоӊоюшту. Бир кийим алып берсем, аны жыртылгыча кийишет. Ойлосом алар аны жейм, муну кием деп деле эркелешпептир. Кээ бирөөлөрдүн кийген кийими өзүнөн кымбат турат эмеспи. Бизде кээде үйдө нан жок болуп калган учурлар да кездешет.
Айбарча Иранова, апасы: «БАЛА КЕЗИНДЕ ТЕЛЕВИЗОРДУН ИЧИНЕ ӨЗҮН ТАРТЫП КОЙЧУ»
– Балам кичинекейинен зирек, жаны тынбаган кыймылдуу бала болчу. Студент кезимде төрөгөндүктөн 15 күндүгүнөн тарта чоӊ энеси багып чоӊойтту. Мектепти жалаӊ «5» деген баага окуган. Сүрөттү да аябай жакшы тарткандыктан «сүрөтчүнүн окуусуна барайын» десе атасы макул болбой койду. Ошол кезде эле телевизордун сүрөтүн тартып, ичине өзүн кошо тартып койчу. Азыр ойлосом, балалыгында эле теледен чыккысы келчү окшойт. Гитара ойночу, эс тарткандан анысы калып, телевидениеге иштеп кетти. Политехти бүткөн балам журналист болуп кеткенине таӊ калгам. Мыктыбек сыналгыдан чыкчу күнү айылдагылардын баары чогулуп кубанып көрчүбүз. «Сүйлөшкөнүм бар» деп жаш үйлөнүп алган. Кудайга шүгүр, балдары бой жетип былтыр кызын турмушка узатты эле, жакында баласын үйлөнттү.
Борончу Кудайбергенов: «ИШ ДЕСЕ ТАМАКТАНБАЙ ДЕЛЕ ЖҮРӨ БЕРЧҮ»
– Сахнада 25 жылдан бери жүрсөм, ушунча жылдан бери Мыктыбек менен эриш-аркак болуп иштешип, дос болуп келе жатам. Жашынан эле өтө тырышчаак, өжөр жигит болчу. Күнү-түнү монтажда отуруп же бирдеме жеп алсачы. Суудан ичип алып эле иштей берчү. «Ысык-Көлдө кадыр түн» деген сынакты уюштурганымда колдоп, эфирден кетишине чоӊ салымын кошкон.
Бир жолу телеге бир көрсөтүүгө чакырды, «белек ала кел, жакшы суроо берген көрүүчүгө ыйгарабыз» деп калды. Мен чоӊ жумшак оюнчук сатып алып барсам, Мыктыбек катуу майрамдап алыптыр. Көрсөтүү башталды, бир убакта ал операторлорду сөгүп, студияны талкалап ызы-чуу болуп кетишти. Ошондо жанагы аюу оюнчугум экөөбүздүн эфирибиз чала болгон. Себеби башталган көрсөтүү акырына ошол бойдон чыккан эмес. Ал күндөрдүн баары артта калды. Ошондон кийин Мыктыбек ичкенин таштады.

“Кичинекей кезимде эле телевидение маӊдайыма жазылган окшойт”.

 

“Леонид Якубович менен жолугушкан учурлар болгон”.

 

“Асел Турдалиева менен “Келиндер козголоӊун” уюштурганбыз”.

 
Замира Рахманбердиева
star@super.kg
The post Мыктыбек Арстанбек, тележурналист: «30 ЧАКТЫ ЫРЧЫГА ПРОДЮСЕР БОЛГОМ» appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.

November 23, 2015 at 05:49PM

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз башкаларга көрүнбөйт

We would like to keep you updated with special notifications.