alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:05 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:44
ЖаңылыктарРубрикасыз

27-апрелде «АДЕП БАШАТЫ» коомдук фонду Ош шаарында Мавлид маарекесин уюштурууда

Үстүбүздөгү жылдын 27-апрелинде «АДЕП БАШАТЫ » коомдук прогрессивдүү фондунун Ош шаарындагы филиалы Мавлид маарекесин уюштурууда.
Бул маарекеде мамлекетибиздин башкаруучуларынан эл өкүлдөрүнө, Кыргызстандагы диний чөйрөдө, ар тармакта кызмат кылган адамдардан катардагы жарандарга чейин келип Пайгамбарыбызды (САВ) дагы бир жолу эскерип кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушмакчы.
Мавлид Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи васалламды) элге таанытуу максатында уюштулмакчы.
Мусулман коомчулугунда жыл сайын өнүгүп бараткан иш аракет катары Мавлиддин максаты тууралуу омоктуу ойлор бар. Жалпы ишеним боюнча, Мавлид ибаадат жана бир топ жакшылыктарды өз ичине камтыган коомдук жөрөлгө болуп саналат.
Бул маарекелер «Унутта калган сүннөтүмдү улантуу – мени сүйгөн адамдын белгиси. Мени сүйгөн адам мени менен бейиште бирге болот» деген Пайгамбарыбыздын (САВ) хадисин туу туткан мусулмандардын колдоосу менен өткөрүлмөкчү.
Бул иш-чара 27-апрель күнү саат 8:00 дө мырзалар үчүн, ал эми саат 11:00 дө айымдар үчүн өткөрүөт.

Бул да кызыктуу

2 пикир

  1. Ассаляму алейкум быйылда мавлид болобу???

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button