alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
АңгемелерТаасирдүү окуялар

20 центке динин сатмакчы болгон имам

Абдишүкүр ажы Нарматов

Урматтуу мусулман бир тууганым, мен азыр сизге айта турган окуя Англияда болгон. Бул окуяны башынан өткөргөн адам өзү кеп салып, жазып чыккан. Анда сөз башынан болсун.
Мен Англиядагы чакан шаарлардын биринде мусулмандардын мечитинде имаммын, — деп баштайт ал сөзүн. Мечит автобустун акыркы аялдамасынын жанында жайгашкан болчу. Көбүнчө мечитке автобус менен келчүмүн. Бир күнү автобустун жол киресин берсем, айдоочу мага 20 цент ашыкча кайтарып берип койду. Аны дароо эле кайтарып бермекчи болдум. Бирок, ошол учурда шайтан азгырык салып “20 цент эмне болмок эле, бербей эле кой” деди. Бергим келбей калды. Анан кайра “ушул акча менен байып кетмек белем, берип эле коёюн” деп ойлодум. Эми бермекчи болгонумда шайтан жанагыдан да катуураак азгырык таштады “Сен ушунча убактан бери элге кызмат кылып келесиң, айлыгың да аз, бул 20 цент менен Англия байып кетмек беле, алып кала бер” деген ой келди. Эми биротоло бербей түшүп кетүүнү чечтим. Аңгыча автобус акыркы аялдамага келип, элдин баары түшө баштады. Түшүүгө кезегим жеткенче жүрөгүмдү дагы бир жолу тыңшадым. Бул жолу ал “кантип бирөөнүн акысын алып кетип жатасың, акыретте кантип жооп бересиң?” деп согуп жатыптыр. Эң акыры болуп түшүп бара жатып айдоочуга 20 центти карматтым. Тиги мага жылмая карап:
— Сен мобу мечиттин имамысың да? – деп сурады.
— Ооба, — дедим.
— Мен ар бир жумада сенин айткандарыңды угуп жүрөм, мусулманчылыктын аруулугун, чынчылдыгын, тазалыгын угуп, ушул динге кирсем деп ниет кылып, кийинки жума сага жолугууну пландаган элем, бүгүн автобуска өзүң чыгып калдың, сага жолугуп динди кабыл алуудан мурда, сенин айткандарың чынбы, жалганбы бир сынап көрөйүн деп 20 цент ашыкча бердим эле. Көрсө, сенин айткандарың курулай мактаныч эмес, акыйкат экен, мен эми кийинки жуманы күтпөй эле ушул жерден мусулман болоюн, — деп, мусулман болуунун жолун сурады. Мен ага келме айттырып, мусулман кылып автобустан түштүм. Ошол жерде бир канча убакыт өзүмдү билбей туруп калыпмын. Аллах Тааланын мээримине, туура жолго баштоочулугуна тен берип, эсимди жыя албай туруп калдым. Аз жерден шайтанга азгырылып, бүтүндөй динимди 20 центке сатып жибере жаздаганыма эсимди жыя албай туруп калдым. Эгер Аллах Таала акыретти эсиме салбаганда, 20 центке динимди сатып жибермек экем…
Урматтуу мусулман бир тууганым, кимдир бирөөнү динге киргизүү үчүн, эртели-кеч анын кулагына куюунун кажети жок, болгону динди өзүңдүн жашооңдо көрсөтө бил, мына ошондо сенин айтканың жугумдуу, мээнетиң жемиштүү болот.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button