alternatetext Багымдат: 04:31 | alternatetextКүн чыгуу: 06:12 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:36
ЖаңылыктарРубрикасыз

Кара-Кулжа районунда 2 жаңы мечит ачылды (фото)

Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн Сай айылдык мечити жана Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн Сары-Булак айылында “Зикирия” атындагы жаңы заманбап мечиттер эски мечиттердин ордуна ачылды. Ачылыш аземге Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Кувейт мамлекетинен келген “Ас-Салам” фондунун өкүлдөрү, Фонддун Кыргызстандагы жетекчиси Миңбаев Нурмухаммад, облус губернаторунун 1-орун басары Байыш Юсупов, райондун акими Каныбек Алиязов, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Кара-Кулжа районунун баш имам хатиби Анарбек ажы Жусупов жана жергиликтүү тургундар катышышты. Мечиттер “Ас-Салам” фондунун демөөрчүлүгү менен салынып, Сай айылдык мечити 350 орунга, Сары-Булак айылындагы “Зикирия” мечити 250 орунга ылайыкташтырылып, 3 айдын ичинде бүткөрүлүп пайдаланууга берилди. Мечиттерди ачуу аземинде Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирип, мечит жергиликтүү элдин кызматында жаштарды адеп-ахлакка тарбиялап, коомчулукту ыймандуулукка чакырууда ийгиликтин башаты болооруна тилектеш экендигин билдирди. Мындан сырткары элди биримдик, ынтымакка чакырган баян жасап, жергиликтүү тургундарды динди өнүктүрүүгө бекем болууга үндөдү.
Ушул эле күнү жогорудагы коноктордун катышуусунда Кара-Кулжа районундагы Калинин айылында “Ас-Салам” фондунун демөөрчүлүгү менен заманбап шарттарга ылайык келген “Ден-Соолукту чыңдоо” борбору ачылды. Калинин айылы тоолу аймакта жайгашып, райондун борборунан алыс болгондуктан ачылган ден соолукту чындоо борбору айыл элинин көйгөйүн чечип, жергиликтүү тургундарды кубанычка бөлөдү. Мындай саамалыкка улай Азирети Муфтий жана Фонддун жетекчиси Нурмухаммад Миңбаевдин катышуусунда кароосуз калган жетим балдарга акчалай кайрымдуулук жардам берилди. Сонунда жалпы жамаат конокторго ак батасын берип, ыраазычылык билдиришти!
Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы
The post Кара-Кулжа районунда 2 жаңы мечит ачылды (фото) appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.

November 13, 2015 at 04:02PM

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button