Макалалар

Бата алуунун миң жолу. Сөзсүз эле эл чакырып той бериш керекпи?

Кыргызда бата менен эл, жамгыр менен жер көгөрөт деген жакшы, мааниси терең сөз бар.
Колумнист Нуржигит Кадырбеков баталуу болуунун миң жолун санап берди.

Бул дүйнө — себептердин дүйнөсү. Ийгилик — бул жыйынтык. Ийгиликтин себеби — тынымсыз иш-аракет, алга умтулуу жана жакшылыкта жарышуу. Билимдин себеби — окуу. Байлыктыкы — адал соода. Ал эми бактылуулуктун себеби — бул бата.

Ал эми бата алууга эмне себеп? Батага арзыш үчүн сөзсүз эле жылкы союп, дасторкон жайып, түмөн элди чакырып той-топур өткөрүү шарт эмес. Бата алуу деп тойго келгендердин ичээрин ичип, жээрин жеп, дасторкондо арткан даамдын калганын калтырбай желим баштыктарга салып, анан “тапканың тойго буюрсун, омиин” деп алакан жайып компоюп отурганын гана түшүнбөө керек. Бата алуунун жолу сансыз, эсепсиз. Эгер той менен шаан-шөкөткө эле байланса, анда бата алуу жалаң колунда барларга гана насип болмок.
Тойлор да болуп турсун, ылайым. Бирок ар бир иште аша чабуу жарабайт. Кыргыздар, негедир, той-топурга жакын келебиз. Башкалар кантип Марска учабыз, кантип смартфондун жаңы үлгүсүн чыгарабыз, уча турган автомашина жасайбыз же космосто согушуучу аскер түзөбүз деп пикир кылып жаткан доордо, энтеңдеп араң баскан эки жашардын урматына дүңгүрөтүп тушоо той өткөзүп, элдин баарын дүрбөтүүнү чоң ийгилик көргөн биз эле калдык окшойт.

Азыркы замандын көп тойлору ресторандар менен кафелерге гана киреше алып келишпесе, той ээсин ысырапчылыкка, ал эми конокторду чыгашага гана туш кылат. “Түкүнчө зыяпат кылат имиш” деп ал жагы Америкадан, бул жагы Россиядан атайын ат арытып келгендерди, бери эле дегенде өлкөбүздүн бир бурчунан экинчи бурчуна зыярат кылгандарды далай көрдүк. Берер белегин, салар сарпайын жана кошор кошумчасын айтпаганда да жолго эле канча акча кетет.

Андан да чоң чыгаша — бул убакыттын укум болгону. Аманчылык болсо акча табылат, а убакытчы?

Анан да, демейде, тойлордун ырынан чыры көп. “Мага жакшы көңүл бөлбөдү”, “Сөздү акырында берди”, “Четке отуруп калдым”, “Конкурста бир белек албадым”, “Атайын алыстан келсем кондурарга жайы жок”, “Устукандын улугу тийбеди” деген сыяктуу болор-болбос шылтоо менен таарынып, ал тургай жүз карашпай калгандар канча.
Ошон үчүн бата алуунун башка миллиондогон жолдорун үйрөнөлү, билели жана билгенибизге жараша амал-аракет кылалы.

Бата алуунун миң жолу

Бата алуу – бул бирөөнүн сага алакан жайып, ак тилек айтышы эле эмес. Бата алуу — бул адамдын жүрөгүн жылытуу. Бир да жан күбө болбогон сооптуу ишиң деле жүрөктөргө сөзсүз кубаныч алып келет. Оң колуң кылган жакшылыкты сол колуң билбей калган менен Жараткан баарын көрүп турат. Ошон үчүн “Жакшылыкты жаса да деңизге ыргыт, балык билбесе Калык билет” дейт акылман кыргыз. Калык деген Жараткандын бир аты, бир сыпаты. Ошондуктан, мейли, адам сени билсин же билбесин, уксун же укпасын, таанысын же тааныбасын, сен кылган адал, берекелүү иш-аракеттин акыбетине кубанып, ичи элжиресе, сага берген батасы ошол.

Кайрымдуулук кылуу, жол жана көпүрө салуу, мектеп, медресе куруу, садака, зекет, үшүр берүү, арык казып суу чыгаруу, чаңкаганга суусундук, ач калганга тамак сунуу, ооруганга зыярат кылуу, жакындарга белек берүү сыяктуу иштер батанын соолбос мүрөгү менен такыр жерди сугарып, жашылдандыруунун сыңары экендиги айтпаса да түшүнүктүү.

Булардан тышкары биз байкабаган, маани бербеген, майда деп эсептеген канча амалдар ак бата алуу бактысына себеп. Мисалы, жаман адатыңды таштасаң — бата алганың. Тааныганга да, тааныбаганга да жылмайып салам айтсаң — бата алганың. Жолдо жаткан буюмду алып койсоң — бата алганың. Жетимдин башынан сылап, муңдууну күлдүрсөң — бата алганың. Таш менен урганды аш менен сыйласаң, оройго кичи пейилдик, акмакка адептүүлүк, жалганчыга чынчылдык менен жооп кайтарсаң, душмандарды достоштурсаң, бирөөнүн айып-кемчилдигин жашырсаң — бата алганың. Күнөөдөн өзүңдү тыйып, напсиңди жеңгениң — бата алганың. Бүгүнтөн баштап эл көзүнчө түкүргөндү, чылым же таштанды ыргытканды таштаганың — бата алганың. Аркадан ушактагыча таттуу тил менен кемчилдикти бетке айтканың — бата алганың. Бурадарды жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарганың — бата алганың.
Бак тиксең же үрөн сепсең адам тургай айбанаттардын да батасын аласың, анткени чачылган үрөндүн бир бөлүгүн курт-кумурскалар менен канаттуулар жесе, эгилген даракка куштар конуп, макулук көлөкөлөйт…

Айтор, батага бап, бактыга чак болчу амал-аракеттердин чеги жок. Ошондуктан адамдын батасын ал, тууганым. Өзгөчө ата-эненин, кары-картаңдын, оору-сыркоонун, муктаждардын, мусапырдын, кор болгондордун, жетим-жесирлердин батасын ал. Адам тургай өсүмдүк менен айбанаттын батасын ал.

Бата менен эл, жамгыр менен жер көгөрөт!

Макаланын автору:
Нуржигит Кадырбеков
Булак
"Спутник"
Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close