Макалалар

🧕🏻КЫЗДАРДЫ ХИЖАБ КИЙҮҮГӨ КЫЗЫКТЫРУУНУН 10 ЖОЛУ..

🧕🏻КЫЗДАРДЫ ХИЖАБ КИЙҮҮГӨ КЫЗЫКТЫРУУНУН 10 ЖОЛУ..

🧕🏻КЫЗДАРДЫ ХИЖАБ КИЙҮҮГӨ КЫЗЫКТЫРУУНУН 10 ЖОЛУ..

📌Аллах Таала аялдарды хижаб кийүүг. буюруп, мындай деген :

“Ыймандуу аялдарга айт :
(Бөтөн эркектерге кумардануу менен кароодон) көздөрүн жумушсун жана жыныс мүчөлөрүн (зынаадан) сакташсын!
Көрүнүп турган кооздугунан (кийиминен) башка кооздуктарын жаап жүрүшсүн!
Жоолуктары менен көкүртктөрүн жабышсын!
Зыйнаттарын (моюн, билек сыяктуу зыйнат мүчөлөрүн) көргөзүшпөсүн!”. (Нур:31)📘

📌Хижаб кийүү Аллах Таала жана Анын элчисине (саллаллаху алейхи уа саллам) га баш ийүү.

~”Качан Аллах жана Анын элчиси (саллаллааху алейхи уа саллам) бир ишти өкүм кылса, эч бир момун эркек же момун аялга өз иштеринде ыктыяр калбайт.

~ Кимде – ким Аллах жана анын Элчиси (саллаллааху алейхи уа саллам) га күнөөкөр болсо, демек ал анык адашыптыр”.
(Ахзаб:36)

~”Жок Раббиңе ант, алар качан өз ара жанжалдарын жонго салуу үчүн сени аким – өкүмдар кылмайынча, кийин ошол сен чыгарган өкүмгө жүрөктөрүндө нааразылык калбай, толук моюн сунмайынча Ыймандуу боло алышпайт”.
(Ниса:65)📘

Ар бир мусулман ата-эне кызынын бактылуу болуусун каалайт. Кызы хижаб кийип, абийирин сактап, жакшы жолдо жүрсө ата-эненин көңүлү тынч болот.
Муну бардык эле ата-энелер жакшы билишет.Бирок, көпчүлүк ата-энелер кызына хижаб кийгизүүнүн жолун билишпейт.Кызына туура эмес мамиле жасап, же кызы аларды туура эмес түшүнүп, натыйжада,
ортодо ар түрдүү келишпестиктер пайда болот. Мына ушул сыяктуу машакаттарды жок кылууга жардамын тийгизүүчү бир канча осуятты сиздерге сунуш кылабыз.Бул осуяттарды ишке ашырган ата-энелер, кызына хижап кийигизүүдө эч кандай кыйынчылыкка учурашпайт. Ата-эне менен кыздын ортосунда урушуу, келишпестик ж.б. көйгөйлөр болбойт.

🌹 1. Келечекте кызыңдын хижап кийип жүрүүсүн кааласаң, аны кичинекейинен хижапка кызыктыр.
«Бул азыр кичинекей, чоңойгондо өзү киет» деген туура эмес түшүнүк. Кызыңа кичинекей кезинен хижап кийгизип, хижап ага жакшы жарашарын, хижап кийгенде сулуу көрүнөрүн айтып жүргүн. Эгер ушул учурда кызыңды хижапка кызыктыра алсаң, ал бойго жеткенде сенин буйругуңа муктаж болбойт.

🌹 2. Кызыңа хижаптын пайдасы тууралуу көп айткын.
Анын ден соолукка, жашоого тийгизген пайдаларын саймедиреп айтуу зарыл.

🌹 3. Хижап кийүү адамдар үчүн эмес, Жаратуучу Аллахтын буйругу экендигин кызыңа түшүндүр.
Аллахтын буйругун аткарган адамга Аллах ыраазы болорун, ал эми Аллах ыраазы болгон адам эч качан бактысыз болбостугун айтып, Курандагы хижап туурулуу аяттарды, пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) хадистерин окуп бер.

🌹 4. Кызыңа хижап кийген аялдардын жетишкен ийгилиги жөнүндө көп маалымат бер.
Оболу,пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) аялдары, анан сахаба аялдар жөнүндө, анан учурдагы хижап кийген аялдардын бактысы жөнүндө айт.

🌹 5. Ушуну менен катар эле, хижапсыз аялдар дуушар болуп жаткан бактысыз көрүнүштөргө да токтол. Хижаптан четтөө – турмушта болуп жаткан көйгөйлүү окуялардын негизги себеби экендигин түшүндүр.

🌹6. Ыймандуу аялдардын даражасы, алар ээ болуучу сооптор, акыреттеги бейиш жакшылыктары тууралуу маалымат бер.

🌹7. Кызыңдын ким менен курбу болуп, ким менен мамиле кылып жүргөнүнө көңүл бур. Колуңдан келишинче хижап кийген, ыймандуу кыздар менен жакын болуусуна шарт түз.

🌹 8. Ошондой эле жаман чөйрөдөн, уят-сыйытсыз кыздардан алыс кармоого аракет кыл.

🌹9. Эне кызына эн жакшы үлгү болот. Андыктан, эне хижап кийсе жана хижаптын артыкчылыгын кызына көрсөтө алса, кыз үчүн бул сонун сабак болот.

🌹10. Хижап кийген үчүн кызыңа түрдүү белектерди тартуула, жакшы сөздөрүңдү айт..

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ +996774130527,+996708924964..
✿ WWW.FORMULA.KG

Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close