alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Рубрикасыз

Муфтий: Кыргызстанда 13 кылымдан берки толлеранттуу ханафий мазхабы жайылууда

Окутуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы, «Ыйман» фонду жана Чек ара кызматы тарабынан уюштурулган.

Чүй облусунун Новопокровка айылындагы чек арачыларга экстремизм менен терроризмдин алдын алуу боюнча «Эл аралык терроризмдин Кыргызстандын коопсуздугуна келтирген коркунучу» аттуу семинар болуп өттү. Бул тууралуу маалымат муфтияттын расмий сайтына жарыяланды.

Семинардын алкагында ислам дини, ыйман, биримдик туурасында окутуулар жүрүп, экстремизм менен терроризмдин алдын алуу, Сирия мамлекетиндеги жаңжал тууралуу кеп козголду.

Окутуу муфтий Максатбек Токтомушев менен «Ыйман» фондусунун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

«Терроризмдин ислам динине эч бир байланышы жок. Ислам кан төгүүгө уруксат бербейт. Учурда «жихад» деген сөздү туура эмес багытка колдонушууда. Биздин мамлекетте 13-кылымдан бери келе жаткан толлеранттуу ханафий мазхабы жайылган. Биздин максатыбыз мамлекетибизге туура динди жеткирүү», — деп билдирген муфтий.

Белгилей кетсек, семинар Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы, «Ыйман» фондусу жана Чек ара кызматы тарабынан уюштурулган.

Sputnik Кыргызстан

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button