alternatetext Багымдат: 04:24 | alternatetextКүн чыгуу: 06:08 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:54 | alternatetextШам: 19:56 | alternatetextКуптан: 21:43
РубрикасызФото

Ноокат районда 1000ден ашуун аялдардын катышуусунда мавлид иш-чарасы өттү

2-апрель күнү Ош
облустук казыяттын окуу бөлүмү жана аялдар менен иштешүү бөлүмү тарабынан Ноокат
районуна караштуу Мирмахмудов айыл өкмөтүндө Мухаммед (САВ) Пайгамбардын
туулган күнүнө карата Мавлид иш-чарасы болуп өттү. Аталган иш-чарага Ош
облусунун казысы Самидин кары Атабаев, казынын орун басары Нурбек кары
Орунбаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн
башчысы Исакбай Мурзабеков, Ноокат районунун баш имам-хатиби Маматкасым
Турдубаев, Ноокат райондук 10-бөлүмдүн кызматкери Пусуров Жаныбек жана 1000ден
ашуун аялдар катышышты.
Аталган иш-чарада
облус казысы Самидин кары Атабаев Мухаммед (САВ) пайгамбардын өрнөктүү өмүр
жолуна токтолуп, баа жеткис асыл сапаттарынын баалуулуктарын түшүндүрүп берди.
Ал эми Исакбай Мурзабеков аялдардын коомдогу ордуна токтолуп, балдарга тарбия
берүүдө аялдардын ар бир кыймылы баа жеткис экендигин белгилеп, ар түрдүү терс
агымдарга кирип кетпөөнүн алдын алуу жолдорун түшүндүрдү.
Андан соң,
аялдардын уюштуруусунда Пайгамбарыбыз (САВ) жөнүндө мавлиди шариф окулуп,
пайгамбарыбыздын (САВ) тарыхы жөнүндө суроо-жооп иретинде кичи сынак
уюштурулуп, туура жооп бергендерге белектер тапшырылды.

Ош облусунун
мусулмандар казыятынын маалымат кызматы

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button